7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров: Бүт өлкөлөр менен мамилелер жакшырууда

676

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында 2022-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчётту, 2023-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин кароо алкагында төмөнкүлөрдү билдирди.

«Дүйнөдө глобалдуу чакырыктарда күчтөрдүн геосаясий балансы өзгөрүп, жаңы альянстар түзүлүүдө. Өнөктөштөргө тийген санкциялар, экономикалык изоляциялар чыңалууну күчөтүүдө. Инфляциялык рисктер, валюталык рынокторго санкциялардын таасири, сырьёлук рыноктогу жана транспорттук-логистикалык коридорлор менен байланышкан чырлар, геоэкономикалык жылышуулар болууда. Сууга, энергияга, азык-түлүккө маанилүү ресурс катары суроо-талаптын күндөн күнгө өсүүсү, технологиялык чечимдердеги тоскоолдуктар, IТ адистериндеги кадрдык дефицит жана башка мына ушундай кырдаал, жагдай, абалдарга карабастан, Кыргызстан акыркы жылдары өсүү динамикада болуп келе жатат. Бүт өлкөлөр менен мамилелер жакшырууда»,- деди ал.

677