7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров Караколдогу талкуу жараткан мал базардын шарты менен таанышты

737

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы жумушчу сапарынын алкагында, буга чейин эл ылай кечип жүргөн  видеосу менен интернетте талкуу жараткан Каракол шаарында жайгашкан мал базардан кабар алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Аймактагы ири базардын шарты жакшырып, бирок оңдоо иштери толук соңуна чыга электиги белгиленди. Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликке жеке ишкерлер менен биргеликте  жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында оңдоо иштерине көмөк берүү керектигин айтып, мал базардын айланасын көздөн кечирип чыкты.

Министрлер кабинетинин башчысы жергиликтүү бийликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга  март айынын соңунда өлкөдөгү мал базарлардын абалын жакшыртып, элге ыңгайлуу шарт түзүү тапшырмасын берген. Акылбек Жапаров өз кезегинде жумуштарды аткарууга бир ай убакыт берип, жеринде өзү барып күтүүсүз текшерүүгө алаарын табыштаган.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин башчысы Каракол шаарында курулушу жүрүп жаткан башка жаңы ири мал базардагы жумуштар менен да таанышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

738