7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров Орусиянын «Сколково» фондуна Ысык-Көлдө IT айылын ачууну сунуштады

594

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Заманбап санариптик банк жана экосистема» форумунда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы өз сөзүндө маалыматтык технологиялардын өнүгүшү банк бизнесине таптакыр жаңы мамилени алып келгендигин белгиледи.

«Финансы продуктуларын заманбап IT тармагынын мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштыруу бүтүндөй экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун олуттуу түрдө жогорулата алат жана Кыргыз Республикасы бул дүйнөлүк тенденциялардан четте калган жок. Биздин өлкөдө финансылык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп электрондук коммерция, финансылык жана банктык кызмат көрсөтүүдө аралыктан тейлөөнү активдүү өнүктүрүү саналат. Биз муну менен эле токтоп калбастан, өлкөнүн каржылык-экономикалык процесстерине накталай эмес инновациялык продукцияны киргизүүнү тездетип жатабыз”-деп белгилеген Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасы мындай чечимдерди мүмкүн болушунча тез арада кабыл алууга мүмкүндүк берерин айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле министрлер кабинети жалпысынан санариптик экономиканы өнүктүрүүдө санариптик инновацияларды адам жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө, мейли банктык же мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө активдүү киргизүүнү колдоого даяр экенин баса белгиледи

Өз кезегинде, «Сколково» Фондунун компетенттүүлүк борборунун директору Павел Новиков санариптик индустрияны өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоону көрө турганын белгилеп, каржы-экономикалык чөйрөдө, ошондой эле жергиликтүү стартаптарды жана санариптик инновацияларды киргизүүдө, мындан ары илгерилетүүдө кызматташууга даяр экенин билдирди.

Форумга Орусиянын 8 ири IT компаниясы катышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

595