7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Акыркы коңгуроодон” кийин бүтүрүүчүлөрдү тоого ташыган 48 унаа аныкталды

527

Буга чейинки эскертүүлөргө карабастан, “Акыркы коңгуроо” аземинен кийин, мектеп бүтүрүүчүлөрүн шаардан сырткары эс алуучу жайларга кортеж унаалары менен ташыган өлкө аймагында 48 унаа аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББдан маалымдашты.

Алардын ичинен, Бишкек шаарында 29 кортеждик жана 16 маршруттук унаалар, ал эми Нарын облусунда мектеп бүтүрүүчүлөрүн шаардан сырткары эс алуучу жайларга ташыган үч унаа аныкталган. Бул унаалардын ичиндеги бүтүрүүчүлөрдүн баары аймактык милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, ал эми унаалары андан ары тийштүү чара көрүү үчүн, убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Ошондой эле бир күн ичинде жалпы 2909 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталып, алардын ичинен:

— мас абалында унаа башкарган 45 айдоочу;
— тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 34 айдоочу;
— ылдамдыкты ашырып айдаган 559 айдоочу;
Одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 266 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.
528