«Жоламанга 100% ишенем. Буга чейин ал мага үйрөтүп келген. Жоламан Шаршенбеков биздин командабыздын лидери»,-деди күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын уткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов.
Эскерте кетсек, Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду.
Бүгүн, 12-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Айсулуу Тыныбекова күрөшөт.