7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Букада жол эрежелерине байланыштуу түшүндүрүү иштери жүрүүдө

740

Ала-Бука районунун аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өспүрүмдөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жана ЖКККБ кызматкерлери өспүрүмдөргө практика түрүндө эрежелерди сактоону көрсөтүшүүдө. Ар бир окуучу мектепке барып келүүдө жол чийиндеринен өтүү зарылдыгы эскертилип жатат.

Ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жаштарга терс көрүнүштөрдөн алыс болуу зарылдыгы жеткирилүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

741