7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Буканын мурдагы айыл өкмөт башчысы менен жергиликтүү депутаты коррупция менен кармалды

214

Ала-Бука районунун мурдагы айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү кеңештин депутаты коррупция менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ала-Бука районунун Балтагулов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Н.Б. жергиликтүү кеңештин учурдагы депутаты С.Ж. менен тил табышып, 2023-2024-жылдар аралыгында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүнү убада кылып, жергиликтүү тургундардан 100дөн 300 миң сомго чейинки акча каражатын алганы аныкталган.

Ошол эле учурда Н.Б. жайгашкан жерин көрсөтпөстөн жеке турак-жай куруу үчүн аларга жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча 136 жасалма буйрук чыгарган. Жергиликтүү тургундарга келтирилген зыяндын суммасы алдын ала 10 млн.сомду түзгөн.

Ошондой эле, айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Б. бизнестеги 20% үлүш үчүн жогорудагы айылдык Кеңешинин депутаты С.Ж.га ресторан куруу үчүн 1 га жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталган.

Учурда кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК Ала-Бука районунун Балтагулов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысынын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткандардын бардыгын УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына кайрылууну өтүнөт.

 

215