7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жаңы административдик имаратын ачты

216

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта, Кыргызстандын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жаңы административдик имаратынын ачылышына катышты.

“Учкун” имаратында жайгашкан жаңы офисте ыңгайлуу иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн: 175 адис үчүн ачык жумушчу зонасы, конференц-зал, эс алуу бөлмөлөрү, ашкана, душ, намазкана жана стол тенниси үчүн залы бар.

Мамлекет башчысына учурда “Кызмат” мекемеси тарабынан жарандар үчүн санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган чаралардын комплекси көрүлүп жаткандыгы маалымдалды.

“Түндүк” тиркемесинде ID-картага онлайн арыз берүү, жашаган жери боюнча каттоо, ошондой эле мүлктү камсыздандыруу боюнча кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылды.

Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев маалымдагандай, жаңы онлайн-сервистерди киргизүү, киберкоопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процесстерин оптималдаштыруу жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн кыйла ыңгайлуу, ачык-айкын жана оперативдүү кылууга багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы жүргүзүлүп жаткан реформалар жана мамлекеттик процесстерди санариптештирүү боюнча келечектеги пландар менен таанышты.

Президент Садыр Жапаров онлайн-кызматтардын спектрин кеңейтүү жана жеке маалыматтарды коргоо боюнча чараларды күчөтүү боюнча ишти улантууну тапшырды, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана жарандардын суроо-талаптарына ыкчам жооп кайтаруу зарылдыгын баса белгиледи.

217