7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ала-Тоо» аквапаркындагы окуя боюнча 6 мугалим жана завуч иштен алынды

682
   Бишкектеги «Ала-Тоо» аквапаркында сууга чөгүп каза болгон 3-класстын окуучусунун окуясына байланыштуу № 95 мектептин алты мугалими жана башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы иштен бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
    Маалыматка ылайык,аталган окуяны териштирүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн.

Мэриянын маалыматына ылайык, окуяны териштирген атайын комиссия төмөнкүлөрдү аныктаган:

▪️Класс жетекчилер эс алууга 13 класстын балдарын алып барган, педагогдордун бири аквапаркка чогуу барууну уюштурган

▪️Мектеп администрациясы менен балдар иши боюнча инспекторго кабар берилген эмес

▪️Мындан улам окуучуларды балдар иштери боюнча инспекторлор жана укук коргоо органдары коштоп барган эмес

▪️Онлайн окуу боюнча эч кандай буйрук чыккан эмес жана балдар менен ата-энелерге коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес

▪️ Жалпысынан 232 окуучу, тогуз мугалим жана ата-энелер комитетинен тогуз өкүл барган

▪️Комиссия милдетин аткарбаганы үчүн мектеп директоруна дисциплинардык чара көрүүнү сунуштаган

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

683