7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алай-дүлөй шамалдан 154 объект жана 10 адам жабыркады

583

28-мартта катуу шамал болуп, материалдык чыгымдар жана жабыркагандар болгон. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Бишкек, Чүй жана Талас башкармалыктарынан бүгүн, саат 8:30га карата алынган алдын ала маалымат боюнча, 10 адам жабыркап, 70 социалдык объект, 80 турак үй, 4 чарбалык курулуш, негизинен шамал жүргөн аймактарда жалпысынан 154 объектке зыянын тийгизген.

Жалпы Бишкек шаары боюнча 66 объект жабыркаса, анын 26сы социалдык мекеме, 36сы турак үй, 4ү чарбалык курулуш болгон. Ал эми Чүй облусунда 42 социалдык объект жана 42 турак үй, жалпысынан 84 объекттин чатырын учурган.

Табигый кубулуштун кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.

Эске салсак, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында 28-мартта саат 16:15тен 16:45ке чейин ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган.

 

 

 

584