Алайда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-май күнү саат 16:30 чамасында Ош облусунун Алай районунда катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, 174 турак үйдүн короолорун суу каптап, анын ичинен 32 үйдүн жер төлөөлөрүн жана 1 ФАПтын короосун каптаган.
Кооптуу деп табылган 2 турак үйдүн тургундары (22 жаран) туугандарынын үйүнө убактылуу көчүрүлгөн.
Ошондой эле 4 ички чарбалык көпүрө селден жабыркап, жараксыз абалга келген жана 6 электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүкө учураган.
«Учурда жеринде селдин кесепеттерин жоюу үчүн Райондук ЖК комиссиясы, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, Алай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, РЭТ мекемесинен 1 бригада, жергиликтүү тургундардан 150 адам, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 2 трал, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 1 самосвал, ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынан ЖТИден 1 экскаватор, 1 грейдер, 3 самосвал тартылган»,- деп берилет билдирүүдө.