Арал — Миң-Куш унаа жолу бир тараптуу ачылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жерине жолду кеңейтүү иш-чараларын улантууга ӨКМден ыкчам топ жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 6 техника тартылган.
Эскертип кетсек, 1-май күнү саат 15:00 чамасында Арал-Миң-Куш унаа жолунун 20-чакырымында (Кызыл-Сөөк тилкесинде) 2014-жылы түшкөн жер көчкү кайрадан активдешип көлөмү 15000м3 жер көчкү түшүп Миң-Куш дарыясын жарымын басып калып, суунун денгээли көтөрүлүп, унаа жолдун болжол менен 35-40 метр аралыгын жеп кеткен.
Унаалардын өтүүсүнө кооптуу абал болгонуна байланыштуу унаа жол убактылуу жабылган.