7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеңиштин 77 жылдыгына карата 4-майдан 9-майга чейин кандай иш-чаралар пландалган?

616

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын белгилөө үчүн Коргоо министрлиги өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу билдирди.

— 4-майдан, 9-майга чейин республиканын бардык аймагында Улуу Ата-Мекендик согуштун эстеликтерине гүлчамбарлар коюлат;

— 5-майда «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык кеңеши» коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн «Жеңиш ырлары» аттуу ураан астындагы авто жүрүшү өтөт;

— 6-майда Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин — Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик башкаруу органдарынын жетекчилери тарабынан даректүү куттуктоосу уюштурулат;

— 6-майда Бишкек гарнизонунун аскерлеринин Жеңиш аянтындагы 9-майдагы иш-чараларга карата даярдыктары (машыгуулары) өткөрүлөт;

— 8-майда Улуу-Ата Мекендик согуш мезгилиндеги курал-жарактардын жана аскердик техникалардын үлгүлөрүн Жеңиш аянтына алып чыгуу жана «жоокер кашасын» даярдоо үчүн талаа ашканаларын жайгаштыруу болот;

— 9-майда таң эрте Бишкек гарнизонунун аскерлери согуш жылдарындагы ырларды аткаруу менен Чүй проспектиси боюнча (Т.Молдо көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин) өтүп, андан кийин Жеңиш аянтына чыгышат. Ал жерде митинг-реквием жана боштондукка чыккан жоокерлердин мемориалдык комплексине гүлчамбарлар коюлат.

Белгилей кетсек, иш-чара аскерлердин салтанаттуу өтүүсү менен аяктайт.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

617