7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөдөгү эң кызганчаак айым детектордун жардамы менен жолдошун күн сайын суракка алат

1287

Британиялык Дебби Вуд дүйнөдөгү эң кызганчаак айым болуп саналат. Ал күн сайын күйөөсү Стивдин телефонун, электрондук почтасын текшерет. Андан тышкары, детектордун жардамы менен андан күн сайын бир нече жолу сурак алат.

Жубайлар 2011-жылы Фейсбуктан таанышкан. Дебби ал убакта АКШдан Улуу Британияга көчүп келген. Америкада мурунку жигити менен 10 жылдай жашаган, бирок жигити аны таштап кеткен. Ажырашуу Дебби үчүн чоң стресс болгон. Психиатрлар бул окуядан кийин чоң азап тартып, ушундай кызганчаак болуп калган деп божомолдошкон.

Азыркы күйөсү Стив Деббиден 12 жашка кичүү. Күйөсү жумушка кеткенде Дебби кыжырланып, кызганып таштап кетет деп коркуп отурат.

Стив аны гана сүйөөрүн миң жолу айтса дагы ишенбейт. Аялына уюлдук телефон, электрондук почта, банк карталарынын паролун берүүгө аргасыз болгон. Дебби Стивге ар кандай журналдарды окууга тыюу салган, анткени ал жерде аялдардын сүрөттөрү болушу мүмкүн.

Жадакалса үй сыналгысына жана компьютерине фильтрлер орнотулуп, интернет, көңүл ачуучу ресурстарга жана телеканалдарга кирүүгө бөгөт койдурган. Анткени бир күнү күйөсү телевизордон теле алып баруучуну карап отурганын көрүп калган да, чыдай албай баарына бөгөт койдуруп салган.

Күйөсү көзгө чөп салышы мүмкүн эмес, анткени ал үйгө келери менен калпты аныктоочу аппараттын жардамы менен андан сурак алат. Эң көп берген суроосу башка аялды карадыңбы деген суроо.

Аял өзү анын психикасынын абалы нормага туура келбей турганын танбайт.

Кызганычка карабастан Стив аялын жакшы көрөөрүн жана ал текшерүүлөргө көнүп калганын айтат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1288