7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: Эктремисттик уюмга таандык болгон материалдарды жайылтып жүргөн жаран кармалды

568

Ошто эктремисттик-террористтик уюмга таандык болгон материалдарды жайылтып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “А” аттуу жаран, интернет тармагы аркылуу тыюу салынган “Джамаат ат –Таухид-валь Джихад” террористтик жана башка экстремисттик уюмдарга таандык болгон материалдарын жайылтып жүргөндүгү  аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1995-жылы туулган А.Б. атуу жаран болгон.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү “Джамаат ат -Таухид-валь Джихад” террордук уюмунун активдүү мүчөсү экендиги, мурда соттолгонуна карабастан өзүнүн жашаган аймагында жана интернет тармагында активдүү түрдө диний-экстремисттик уюмдарга көмөктөшүп , Сирия мамлекеттинде болуп жаткан согуштук аракеттерге кетүүгө камданып жүргөндүгү маалым болду.

Ошондой эле, ага таандык болгон интернет тармагындагы өздүк баракчаларындагы материалдар диний жана лингвистикалык экспертиза кызматынын эксперттеринин берген корутундуларына ылайык диний-экстремисттик материалдар экендиги аныкталган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди жана анын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-аракеттери улантылууда»,-деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

569