Бүгүн, 4-майда Ош шаарында салтка айланган жазгы веложарыш болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова катышып, калктын саламаттыгын сактоо үчүн спорт менен машыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, веложүрүшкө 2 миңдей адам катышты.