Бүгүн, 4-майда президент Садыр Жапаров баштаган президенттин администрациясынын командасы футбол боюнча «Мурас» достук мелдешине катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара Кыргызстандын футбол бирлигинин жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулду.
Мамлекет башчысы мелдешти ачып жатып, өткөн жылы Кыргызстанда кыргыз футболунун 100 жылдыгы белгиленип, футбол боюнча достук турнири өткөнүн, андан соң мындай иш-чараларды жылына эки жолу үзгүлтүксүз өткөрүү чечими кабыл алынганын эске салды.
«Спорт — ден соолуктун булагы, тынчтыктын элчиси. Бүгүн мелдешке башка мамлекеттердин элчилери катышууда.
Бул биздин биримдигибизден, ынтымагыбыздан кабар берет», — деди Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров күчтүүлөрдүн жеңишин каалап, мелдештин катышуучуларын жеңишке болгон күч-аракетин жумшоого чакырды.
Белгилеп кетсек, спорттук иш-чарага 12 команда катышууда:
- Президенттин Администрациясы,
- Жогорку Кеңештин Аппараты,
- ата мекендик футболдун ардагерлери,
- дипломатиялык корпустун жана дин өкүлдөрү,
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери,
- медицина кызматкерлери,
- мугалимдер,
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын
- спорт федерацияларынын, бизнес коомчулугу жана маданият ишмерлеринин өкүлдөрү.