Ошто жарандардын автоунааларын алдап алып, из жашырган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, издөөдө жүргөн, 1980-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну Ч.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал бир нече жарандарды алдап, убактылуу машинасына ээ болуп, аларды сатып, изин жашырып жүргөн.
Алсак, 2021-жылдын 15-ноябрь күнү Ош шаарынын тургунуна таандык «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автомашинаны 220 000 сомго баалашып, ошол боюнча изин жашырып кеткен. Ал эми 21-ноябрь күнү дагы бир жарандын «Нива-2121» үлгүсүндөгү автомашинасын дагы ушундай эле жол менен алып, башка бирөөгө арзаныраак сатып жиберип качып кеткен. Учурда бул жарандын үстүнөн 4 арыз бар.
«Шектүүнүн үстүнөн кылмыш кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү мурда 8 жолу соттолгондугу, өзү ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 2016-жылдан бери тургандыгы маалым болду.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү бул шектүү жарандан жабыр тарткан адамдар болсо 03222-4-82-82, 0555-65-65-65 номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат»,-деп берилет билдирүүдө.