7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алайдын Терек айылында сел жүрүп, үйлөрдү суу каптаган

1092

Алай районунун Терек жана Кара-Талаа айылдарында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Терек айылында 1 үйдүн ичине, 4 үйдүн короо-жайларына сел суулары кирип, кум-шагылга толгон. Ошондой эле Сопу-Коргон айылы менен Терек айылдарын байланыштырган ички чарбалык жолдун 7 чакырым аралыгында сел калдыктары жолду жаап, каттам үзүлгөн.

Мындан сырткары, 1 электр мамычасын сел агызып кеткен, бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес. Тазалоо иштерине айыл аймагынан 1 жүктөгүч, №959 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1093