7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алайкуудагы калың кар. Аким Дамир Кулбаев учурдагы абал боюнча кабарлады

952

Кечээ, 26-ноябрь Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүнө бир метрге жакын кар жаады.  Кардын калыңдыгын жергиликтүү тургундар интернет булактарына жарыялаган тасмадан көрүүгө болот.

 

Учурдагы абал боюнча Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев буларга токтолду.

«Калың кар негизинен Ой-Тал айылына жааган, болжолдуу 50-60 см же бир метрге жакындап барат. Түнкү 2ге чейин жолдорду тазалоо иши жүргүзүлүп, эртең менен тийиштүү жетекчилердин катышуусунда жыйын өткөрдүм. Азыр жол ачык, электр энергиясы жана байланыш бар»- деп билдирди.

Кышы катаал Алайкуу өрөөнүн кышка даярдоо максатында, Президент убада кылган 3 сомдук көмүрдөн 250 тонна барган. Андан сырткары акимдин тапшырмасы менен 5 сомдук көмүрдөн 500 тонна жеткирилип, 9 айыл өкмөткө бөлүштүрүлгөн.

Муктаждык муну менен эле жабылган жок, шайлоодон кийин элди арзан көмүр менен камсыздоо уланаарын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

953