7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүндөгү «Кызыл-Белес» тоо лыжа базасы мамлекетке кайтарылды

437

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы менчиктештирилип кеткен «Кызыл-Белес» тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Буга чейин Аламүдүн районунун мамлекеттик мүлктү башкаруу жана жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери жалпы аянты 10 гектар болгон тоо лыжа базасы жана жайыт жерлери жеке менчикке өткөрүлүп, кийин үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен 50 миллион сомдон ашуун турган жер тилкесин жана курулуштары бар объектини мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

 

438