Жашы жете элек балдарды мыйзамсыз асырап, кийин сатуу максатында аларды өлкөдөн чыгарып кетип турган трансулуттук кылмыш уюмунун ишмердигине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Кылмыштуу топ 2022-жылдан бери иштеп келген. Алар начар жашаган үй-бүлөлөрдү манипуляциялоо жолу менен балдарын камкордукка алышчу.
Бул факт боюнча «Адам сатуу» беренеси менен иш козголгон. 20-сентябрда тиешеси бар адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо иштери уланууда.