Көңүл буруңуздар! Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы билдирет, сутка ичинде Бишкек ШИИББнын «102» кызматына телефон аркылуу алдамчылык фактылары боюнча кайрылуулар келип түшүп жатат.
Көбүнчө кол салгандар мүмкүн болгон жабырлануучулар менен стационардык телефондор аркылуу байланышып, жакын туугандары же достору медициналык мекемелерге жаткырылды деген сыяктуу ойдон чыгарылган кырсыктар тууралуу билдирүү менен ишенимге кирип, дароо акча талап кылышат. Андан соң жарандардын абалын пайдаланып, акчаны алууга чабармандарды жиберишет. Демек жарандын алдамчынын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккени белгилүү болот.
Буга байланыштуу чоочун адам телефон чалып жатканда ал сизге эмнени айткысы келип жатканына көңүл буруңуз. Алдамчылар негизинен жабырлануучуларга ар кандай жол менен кысым көрсөтүүгө умтулушат — шаштырып, чаташтырууга, коркутууга мүмкүн болуучу кесепеттерге алып келүү менен. Мындай кырдаалда сабырдуу болуу маанилүү. Эгерде сизди эсебиңиздеги бардык акчалар жоголуп кетет деп коркутса да, чалуучунун талабын аткарууга шашпаңыз, дароо 24 саат бою иштей турган 102 кыска номуруна чалыңыз.