Кара-Кулжадагы Совет айылынын тургундары өткөргөн куран окутууда тартылган видео социалдык тармактарга тарады. Анда, куран окутууда дасторкондун үстүндө боорсок менен нан гана коюлганын көрүүгө болот.
«Конфет, печенье, кургатылган жемиш дегенден эч нерсе жок. Беш бармак же аш берилет. Эт тартылат, болду кетишет. Ушуга кандай карайсыздар?»,- дейт видеонун автору.