Кечээ, 21-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Омандын футбол курамасынын беттеши өттү. Оюн 1:0 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен аяктады.
Жеңиштен кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Ак шумкарлар» менен бирге кыйкырып, кубанып жатканын көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, беттешке президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев барган.