7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө боюнча иш орундардын жарманкеси өтөт

382

Өлкө боюнча бош жумушчу орундар жана кесиптер боюнча жарманкелер өтөт. Бул тууралуу JIA бизнес-ассоциациясынан билдиришти.

Жарманке 22-ноябрда Ош, Каракол, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Нарын жана Таласта, ал эми 29-ноябрда Бишкек шаарында өтөт.

“Мектеп окуучулары ишканаларды изилдеп, кесипке багыт берүү сынагынан өтүп, келечекте кесибин жана окуу багытын тандай алышат. Жарандарга жумушка орношууга көмөк көрсөтүү, кесипке үйрөтүү жана иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер берилет. Мындан тышкары, ийгиликтүү ишкерлер, тажрыйбалуу адистер жана спикерлер жумуш издөөчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу максатында мастер-класстарды өткөрүшөт” – деп айтылат маалыматта.

Долбоор Эмгек министрлиги жана JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан билим берүү жана илим министрлиги жана мэриялар менен биргеликте “Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү” кыргыз-герман долбоорунун колдоосу аркылуу ишке ашырылууда.

 

383