7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алиев: Кумтөр элге өтсө Кыргызстандын тарыхындагы 5 маанилүү окуянын бири болот

4760

«Кумтөр элге өтсө Кыргызстандын тарыхындагы 5 маанилүү окуянын бири болот», — дейт юрист Медер Алиев өзүнүн Facebook баракчасына.

Анын айтымында, Кумтөр маселеси боюнча тирешүү катуу болорун айтат.

«Азыркы Кумтөр боюнча процесс Кыргызыстандын эгемен тарыхында тарыхий процесс болот. Сотторду актагандан да, жактагандан да алысмын, эл өзү билет кимдин ким экенин. Бирок, адилеттүүлүк үчүн айтып коюшубуз керек — Кумтөр боюнча Октябрь райондук соттун чечими бул тарыхий чечим, жай баракат турмушта мындайды жетимиш уктасан да түшүңө кирбейт эле.

Баары билет, баары түшүнөт — Кумтор эл аралык деңгээлдеги коррупциялык мафиянын уясы экенин. Бул талашсыз нерсе. Эми эгерде элдин үлүшү элге өтсө, эгерде элдин байлыгы элге кызмат кылса бул Кыргыз Республикасынын эгемен тарыхында 5 маанилуу окуя болгон болсо, ошонун бири болот. Албетте, тиреш катуу болот, татаал соттук процесстер болот, кызыктын баары али алдыда», — дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 12-майда «Кумтөр Голд Компанини» көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия 3 айдын жыйынтыгын чыгарып, жыйын өткөргөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4761