«Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00 чамасында кыгыз-тажик чек арасында эки тараптуу ок атуулар башталды. Муну мен агрессия деп санайм. Алар биз күтпөгөн жерден ок атып жатышат». Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.
«Азыркы учурда биз тараптан бардык чаралар көрүлүп жатат. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок ок атуу токтоло элек. Ал эми чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары чыгарылып жатат. Алар өзүлөрүнүн унаалары менен чыгып кетип жатышат жана аларга ӨКМдин кызматкерлери жардам беришүүдө. Аларга ал жердеги чайкана, ресторандарды даярдап жатабыз. Алардын бара турчу жерлери даяр, эч кимди айылдарга калтырбоонун аракетин көрүп жатабыз»,- деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram