ӨКМден билдиришкендей, саат 03:10 чамасында Октябрь районунун, Исакеев көчөсүндө “Алькони” заводунан өрт чыккан.
«Өрт дагы деле уланып, жеринде беш өрт өчүрүүчү бригада иштеп жатат. Учурда болжол менен 3500-4000 чарчы метр жер өрттөнүүдө. Саат 05:55 чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат»- дешти аталган кызматтан.