Бүгүн, 31-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,
- Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,
- Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15,
- Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13 градус.
- Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +15…+17 градус болот.