7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алматыда карантин чаралары күчөтүлдү

340

Алматыда эпидемиологиялык абал начарлагандыктан карантин чаралары күчөтүлөт. Шаардын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин бир катар чектөөлөрдү киргизүү боюнча токтом кабыл алды.

1-февралдан баштап шаарда театр жана кинотеатрлар ишин токтотот.

Соода борборлору, оюн-зоок жайлары күндүзгү саат 10дөн кечки саат 8ге чейин иштеп, дем алыш күндөрү жабык болот. Соода борборлорунун ичиндеги азык-түлүк дүкөндөрүнүн, дарыканалардын ишине чектөө жок, бирок имараттардын ичинде киши көп болбошу керек.

Жабык жана ачык асман алдындагы базарлар кечки саат 5ке чейин гана иштеп, ишемби жана жекшембиде жабык болот.

Спорттук иш-чараларды, көргөзмө, форум, конференцияларды, мындан тышкары той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынды. Жабык жайлардагы балдардын оюн аянтчалары жана аттракциондор, букмекердик кеңселер ишин токтотот. Бала бакчалардын ишине да чектөө киргизилди — аларда 15 кишиден ашпаган нөөмөт топтору гана иштейт.

27-январда башкы санитардык дарыгер Жандарбек Бекшин жыл башынан бери шаарда 3000ден ашуун кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталганын, өткөн айдын тогуз айында бул көрсөткүч 18,5 миңди түзгөнүн билдирген.

Казакстанда соңку бир суткада ПЧР тести оң чыккан 1413 киши катталып, 88 кишиге коронавирус пневомниясы деген диагноз коюлду. 16 киши көз жумду: 11и коронавирустан, калганы коронавирус пневмониясынын кайтыш болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

341