7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Алтын Сандык» тамактануучу жайынан жарандын акчасын уурдап кеткен шектүүлөр кармалды

700

Балыкчыда акча уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-сентябрда Балыкчы шаардык милициясына арыз менен Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын О.Т. аттуу тургуну кайрылган. Анын арызында ал ошол күнү Балыкчы шаарында жайгашкан «Алтын Сандык» тамактануучу жайынан кара түстөгү кол сумкасын, ичиндеги 300 АКШ доллары, 4 миң сом суммасындагы акчасын жана документтерин белгисиз адамдар уурдап кеткенин кабарлаган.

Аталган факт Балыкчы ШИИБнин маалыматтык электрондук журналына катталып, Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр кармалып, алар Балыкчы шаарынын 45 жаштагы Ж.Р. жана 41 жаштагы Т. К. аттуу тургундары болуп чыккан.

Шектүүлөр күнөөлөрүн толук моюнуна алып жана далил зат катары акча жана документтер алынган.

Учурда шектүүлөр Балыкчы ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

701