Алыкул Осмонов: «Экинчиси андан сулуу, андан жаш, Жалынына жана турган жансыз таш…»
4161
Алыкул Осмонов кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан томолок жетим калып, Токмок балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр жазып баштаган.
Сүйүү жана мен
Сүйүү эмне? Сүттөй таза колукту!
Ансыз анан алтын өмүр толукпу?
Ошондуктан эң биринчи жаш сүйүү
Бермет, жакут, каухар кийип жолукту.
Кучактадым, өптүм, кыстым боорума,
Бул турмушта өлгөнчө бир болууга.
Бирок, сүйүү эң жалганчы нерсе экен,
Кош деди да от карматты колума.
Экинчиси: андан сулуу, андан жаш,
Жалынына жана турган жансыз таш,
Анын көркү миң бир түрлүү көрүнүш,
Мен андыктан: кайра кумар, кайра мас.
Аз дууладык жаштык, мастык ойнунда,
Ант бериштик өмүр байлап көп жылга,
Бирок, сүйүү жерден муздак нерсе экен,
Жашырынды, жылаан таштап мойнума.
Менде айып жок… төмөнсүнбөйм эч кимге,
Андай болсо, “күнөө өзүңдө” деп билбе,
Бирок сүйүү уудан бүткөн нерсе экен,
Үчүнчүсү, заар чачты бетиме.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Мамлекет башчысы жергиликтүү бюджеттин өсүшүн
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берди. Тургундар медициналык кызматтардын
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор
Бүгүн, 24-октябрда күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде
Президент Садыр Жапаров Тибет автономиялуу районунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге
Эртең, 24-октябрда, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз Республикасынын Кубогунун финалы өтөт. Башкы трофей үчүн Кочкор-Атанын «Нефтчи» жана Манас шаарынын
Алыкул Осмонов кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан томолок жетим калып, Токмок балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр жазып баштаган.
Сүйүү жана мен
Сүйүү эмне? Сүттөй таза колукту!
Ансыз анан алтын өмүр толукпу?
Ошондуктан эң биринчи жаш сүйүү
Бермет, жакут, каухар кийип жолукту.
Кучактадым, өптүм, кыстым боорума,
Бул турмушта өлгөнчө бир болууга.
Бирок, сүйүү эң жалганчы нерсе экен,
Кош деди да от карматты колума.
Экинчиси: андан сулуу, андан жаш,
Жалынына жана турган жансыз таш,
Анын көркү миң бир түрлүү көрүнүш,
Мен андыктан: кайра кумар, кайра мас.
Аз дууладык жаштык, мастык ойнунда,
Ант бериштик өмүр байлап көп жылга,
Бирок, сүйүү жерден муздак нерсе экен,
Жашырынды, жылаан таштап мойнума.
Менде айып жок… төмөнсүнбөйм эч кимге,
Андай болсо, “күнөө өзүңдө” деп билбе,
Бирок сүйүү уудан бүткөн нерсе экен,
Үчүнчүсү, заар чачты бетиме.