7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар

410

«Мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда салтанаттуу өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар. Мындай кадам өлкөнүн бардык аймактарында жашаган элибизди ынтымагын арттырат, биримдигин бекемдейт, карым-катнашын күчөтөт», — деп билдирди президенти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы  Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Чуңкурчак жайлоосундагы өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктоосунда.

Мамлекет башчысы быйыл эгемендүүлүктүн 31 жылдыгы Чуңкурчак жайлоосунда салтанаттуу белгиленип, өлкөнүн 31 метрлик туусу көтөрүлүп жатканын белгиледи.

“Кызыл туубуз кылымдарды карыткан тарыхта дагы, азыркы жашап жаткан заманыбызда дагы биримдиктин, ынтымактын тиреги болуп келди.

Кыргызда ар дайым ийгиликке, жеңишке жетишкенде туусун бийик көтөрүп, ага таазим кылып келген. Байрагыбыз бийик желбиреп турса, элибиздин Мекенге болгон сүйүү жана атуулдук сезими артылат. Себеби атуулдук ариетибиз да, ар-намысыбыз да кызыл туубуз менен бир катарда турат.

Мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда, бүгүнкүдөй чоң салтанаттын коштоосунда өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар. Мындай кадам өлкөнүн бардык аймактарында жашаган элибизди ынтымагын арттырат, биримдигин бекемдейт, карым-катнашын күчөтөт.

Албетте, 3000 жылдан ашкан тарыхыбызда 31 жыл бир көз ирмемдей эле мезгил. Узак тарыхыбызда кээде жылдызыбыз жанып, улуу каганат куруп көккө сермелдик.

Кээде эркиндигибизди алдырып, чачырап кете жаздаган, азып-тозгон абалды башыбыздан кечирдик. Айтор, тарыхтын эчендеген сыноолоруна кабылдык.

Ошентсе да карт тарыхта кыргыз менен үзөңгүлөш жашаган далай элдер бүгүн жок, алардын аталыштары гана тарых беттеринде калды.

Эгемендик бактысына ар убак эркиндикти туу тутуп, тынымсыз күрөшүп келген намыстуу эл гана татыктуу!

Көкүрөгүбүзгө сыймык уялап турган ушул күнү Кыргызстандын эркиндигин эңсеп-тилеп, ал үчүн жан аянбай тынымсыз күрөшүп келген ата-бабаларыбыздын эрдигин жана элесин эстен чыгарбайбыз!

Ар дайым эгемендигибизди туу тутуп, эл-жерибиздин көз карандысыздыгы үчүн канын, жанын аябай күрөшкөн Байтик баатыр сыяктуу ата-бабаларыбызды эскерүү, алардын Ата Журтка кылган кызматын кийинки муундарга чып-чыргасын коротпой жеткирүү мойнубуздагы ыйык

Себеби биздин баатыр ата-бабаларыбыз элдин, мамлекеттин уюткусу катары мамлекеттүүлүктүн, эгемендиктин маани-маңызын аңдап-сезип, тарых агымына баам салып, жети өлчөп, бир кесип отуруп келечек муун үчүн, тагыраак айтканда, мына бүгүнкү күн үчүн кам көрүшкөн.

Дегеле 3 миң жылдан ашуун терең тарыхты бизге калтырып кеткен ата-бабаларыбыздын рухуна дайыма таазим кылабыз!”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент өлкөнүн ар бир жараны улутуна жана динине карабастан бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ экенин белгиледи. Ынтымактуу Кыргызстандын эли балдарды чогуу тарбиялап, майрамдарды чогуу тосуп, кыйынчылыкты бирге көтөрөт.

«Бирөөнүн үйүнө кыйынчылык келсе, бизден өткөн ынтымактуу, камкор адамдар жок. Биз ар дайым бири-бирибизге жардам берүүгө шашабыз. Ар бир көчөдө, ар бир жамаатта, айылда жана шаарда бардык кыргызстандыктар бүгүн тынчтыкта ​​жана ынтымакта жашап жатышат. Ар бирибиз ушул бейпилдикти сактап гана тим болбостон, жерибизде өз ара түшүнүшүүнү, достукту жана гүлдөп-өнүгүүнү жигердүү бекемдешибиз керек.

Бүгүн биз жалпы, эң маанилүү майрамыбызды – 31-августту белгилейбиз. Бул биздин Эгемендүүлүк күнүбүз гана эмес, Кыргызстандын көп улуттуу элинин достугунун жана биримдигинин майрамы», — деди президент Садыр Жапаров.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

411