7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жусупбек Коргонбай уулун сотко берди

750

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жусупбек Коргонбай уулун сотко берди. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Саламаттык сактоо министри ар намысын жана кызматтык репутациясын коргоп берүүнү суранып Ленин райондук сотуна кайрылган. Ал материалдык жана моралдык зыянга 10 миң сом сурады.

Буга чейин Коргонбай уулу ЖКнын жыйынында аны уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деп айыптаган.

“Черный хирург” деген каймана аты бар экен. Кримтөбөл Рысбек Акматбаевди жана башка кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жашыруун операция кылып жүргөн. Бул министр болуп келгенден бери эле ооруканаларда эне-балдар өлүп жатат. Кадрдык башаламандык болууда”, — деген эл өкүлү.

Бейшеналиев муну четке кагып, ал сунуштаган адамды кызматка дайындабай койгондуктан өч алып жатканын айткан.

751