7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдү таштандыдан арылтуу иштери кайрадан башталды

462

26-марттан тарта суучулдар Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин башташты. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдүн Түп булуңундагы көлдүн аянтын тазалап, 26-март күнү кечке чейин 4100 метр балык уулоочу тор чыгарышты.
Суу астынан чыгарылган торлордун көбү жаңы экендигин көрүүгө болот. Бул мыйзамдын негизинде тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы да болсо уланып жатканын билдирет. Өткөн жылы суучулдар жалпы аянты 430 086,12 гектарды түзгөн суу астынан 22 545 кг таштанды, 218 100 метр балык уулоочу торду алып чыгышкан.
Эске салсак, 2023-жылдын 12-мартынан бери президенттин жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө башталган.

463