Техас штатынын жашоочусу көзүнө тату жасатып көрбөй калуу коркунучунда калды. Бул тууралуу «Daily Star»маалымат булагы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 26 жаштагы модель Сара Саббат көзүнө тату жасатып бир нече убакыт көзү көрбөй калган.
Модель айым: «Мага көрүү абдан кыйын болду. Жарык бөлмөлөргө кирүүгө, телевизор көрүүгө, керек болсо күндүз эшикке чыга албай калдым. Азыркы абалым жакшы, бирок дагы деле көрүү жөндөмдүүлүгүм калыбына келе элек», — деп билдирген.
Бирок ал ден соолугуна зыян келгендигине карабастан өзүнүн тату жасаткандыгына өкүнбөйт жана дагы да жасатуу ниети бар. Модель дененсиндеги татуларга 4 миң доллар(339 миң 200 сом) сарптаган. Сара Саббаттын айтымына караганда, тату ага өзүн таанууга жана ишенимдүү сезүүсүнө жардам берет.
«Менин денемдеги сүрөттөр мага абдан маанилүү, мага күч кубат берип, түрткү берет. Мен эч качан тату жасатканды токтотпойм», — дейт ал.