7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Анкара эл аралык кинофестивалында “Мугалим” даректүү тасмасы баш байгеге ээ болду

264

Анкара эл аралык кинофестивалында “Мугалим” даректүү тасмасы баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Анкара эл аралык кинофестивалында режиссёр Ибадылла Ажибаевдин “Мугалим” даректүү тасмасы баш байгени жеңип алды. Сыйлоо аземи кечээ, 27- январда Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков катышып, баш байгени Түрк мамлекеттер Кенешинин Генералдык секретарынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Султан Раев тапшырды.

Министр Нуржигит Кадырбеков жеңүүчүлөрдү куттуктап жатып, кино ишмерлерине чыгармачылык ийгилик каалап, кыргыз киносунун өнүгүп өсүшүнө аны даңазалоого бар аракеттерди көрөөрүн айтты. Ошондой эле, салтанатка, акыркы 2 ай аралыгында эл аралык деңгээлдеги кинофестивалдарга Кыргызстандын атынан катышкан лауреаттар да катышып, учурдагы кыргыз киносунун маселелери талкууланды.

Эске салсак, “Акыркы көч” толук метраждуу көркөм тасмасы Даккадагы Эл аралык кинофестивалынын “Мыкты фильми” номинациясынын жеңүүчүсү болду. Тасма Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын жана “Билимкана” коомдук фондунун биргелешкен өндүргөн. Режиссёрлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу. Ал эми, “Шамбала” толук метраждуу көркөм тасмасынын режиссеру, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Артык .Сүйүндүков Калькуттадагы 26-Эл аралык кинофестивалынын “Эн мыкты режиссура” сыйлыгына ээ болгон. Ошондой эле, “Мурас” даректүү тасмасы Америкада өткөрүлгөн Эл аралык “The Hollywood Awards” кинофестивалынын “Эң мыкты даректүү тасма” сыйлыгына ээ болгон. Режиссёру Турсунбек уулу Илгиз-Шернияз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

265