7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ар бир айдоочудан 50 миң доллар чогултуп турушкан. «Транс Эксперттин» жетекчилери кармалышты

1314

«Транс Эксперт» ЖЧККнын жетекчилери кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 17-май күнү сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде, Кылмыш-процессуалдык кодекстин 96-беренесине ылайык «Транс Эксперт» ЖЧККнын жетекчилери И.Б.К. жана М.Э.С. кармалышты.

Такталгандай, аталган адамдар 2021-жылдын апрель айынан октябрь айына чейинки убакта «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өткөн Кытайдан келген оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз түрдө акча каражатын чогултушканы такталды.

Мындан тышкары, көрсөтүлгөн жеке компаниянын жетекчилери материалдык пайда алуу максатында ар бир айдоочунун ар бир каттамы үчүн 50 АКШ доллар чогултуп турган, эгер андай кылбаса жүксүз жана жумушсуз калышарын айтып коркутушканы тергөө иштеринде аныкталды.

Ошону менен бирге, аталган кармалган адамдар оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына шарт түзүп берүү шылтоосу менен жалпысынан 150 миң АКШ доллар акча каражатын алышкан.

Учурда колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1315