7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ар кимдин астынан таап келип жашатып кал…» Жалал-Абадда өз жанын кыйган 29 жаштагы келиндин каты

3166

Базар-Коргондо 29 жаштагы келин асынган абалда табылган. Ал өлөр алдында кат жазып кеткен. Бул тууралуу 7-каналга Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-июль күнү саат 07:55 чамасында Базар-Коргон РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Базар-Коргон районундагы Правда айылынын тургуну 1959-жылы туулган жаран байланышып, 1993-жылы туулган Айнара (Аты өзгөртүлдү) өзү жашаган үйүндө асынып каза болгондугун билдирген.

Аталган билдирүү 23-июлда Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө келин толук бүтө элек бөлмөсүндөгү үйдүн балкасына жолук материалдарды байлап өзүнүн өмүрүн кыйып (асынып) каза болгондугу аныкталган. Андан сырткары окуя болгон жерден тил кат алынган.

Ал өлөр алдында кат жазып, жазган катында “Ким дагир болуп жаман жүрсө башканы да ошондой ойлойт. Чыныгы дагир келин алып өлгүчө ар кимдин астынан таап келип жашатып кал”-деп жашыл түстөгү сыя менен жазган.

Аталган окуя боюнча аныкталган жаны жагдайлардын негизинде 22-август күнү Базар-Коргон РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза Кодексинин 128-беренесинин (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү болгон бардык экспертизанын түрлөрү дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат. Дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы чыккандан кийин аталган окуя боюнча толук тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3167