7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Күйөөмдүн фамилиясын алгым келбейт» Сиз үчүн маанилүүбү?

485

Көптөр, балким бул маселе жөнүндө ойлонушпайт, бирок убагы келгенде никедеги жолдошунун фамилиясына өтүү сунушу дагы болуп калышы мүмкүн. Албетте, кээ бирөөлөр үчүн бул маселе эмес болсо, айрымдары ал нерсени каалабайт… Деги эле жолдошунун фамилясын алып жүргөндөргө көз карашыңыз кандай?

Ушул маселе эки кайчылаш пикирди жаратып келгендиктен, сурамжылоо жүргүзүлүп жооптор төмөндөгүдөй болду.

«Мага өзүмдүн фамилиям жагат»

Тоюбуз азырынча боло элек, бирок ал күн дагы алыс эмес. Биздин сүйлөшкөнүбүзгө көп болду. Ата-энебиз дагы таанышышты. Албетте, бул маселе тууралуу сүйлөшкөнбүз. Той жакындаган сайын бул нерсе мени көп ойлондуруп жатат. Кечке эле “Сен менин фамилямды аласың, ээ?” деп айта берет. Мен болсо аны капа кылгым келбей, бул суроодон кача берем.

Чынында, мен анын фамилиясын алгым келбейт. Мага өзүмдүн фамилиям жагат. Атамдын атында эле өмүр бою калууну каалайм. Эми билбейм , баарын убакыт көрсөтөт. Негизи ал үчүн бул маанилүү экенин түшүндүм.

«Менин аялым, менин фамилиямды алат.»
Учурда үйлөнгөнбүз, эки балабыз бар. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө , фамилямды аласын десе мен шылдыңдап азыр 21-кылым, анын кереги деле жок, өзгөртпөйм мага менин фамилиям жагат. Эң башкысы экөбүз бири-бирибизди сүйгөнүбүз деп айтчумун. Мага анын фамилиясы күлкүлүү сезилет эле, ачыгын айтканда жакчу эмес.

Убакыт өтүп боюмда болду. Тоюбуз болор алдында каттуу урушуп кеттик, анан «Менин фамиляма өтсөң үйлөнөм, болбосо той болбойт» — деп кетип калды.
Айла жок өткөнгө туура келди. Жалгыз бой эне болуп калгым келбеди. Бирок азыр өкүнбөйм, жолдошум жакшы.

«Биз биргелешип чечим кабыл алдык.»
Менин фамилиям өзүмө жагат , жигитимдики өзүнө жагат.

Биз негизи кичинебизден эле фамилияга көнүп калабыз да, кийин башкага көнгүбүз келбейт. Бул тема биз үчүн андай деле чоң маселе болгон жок. Болгону ал сунуштады, мен баш тарттым. Биз сүйлөштүк. Ушул нерсе үчүн ага ушул күнгө чейин ыраазымын. «Эгер менин фамилиямды алгың келбесе, түшүнөм, мен үчүн бул маанилүү эмес» — деп айткан.

Бирок, бир үй бүлө болгондон кийин өз каалоом менен күйөөмдүн фамилиясына өттүм…

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

486