«Кыргызалтын» ААКтын жетекчилери толук курамда отставкага кетти. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов жана өндүрүш жана геологиялык чалгындоо иштери боюнча төраганын орун басары Амантур Турсуниязов, экономика, финансы жана инвестиция боюнча төраганын орун басары Жеңиш Сейдалиев, уюштуруу иштери боюнча төраганын орун басары Данияр Конокбаев дагы кызматтан кетишкен.