7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Арак ичпе». Чүйдө небереси чоң энесин өлтүргөн

595

Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-октябрь күнү Сокулук РИИБнө, Сокулук айылындагы үйүнөн 1952-жылы туулган Г.В. денесинде оор жаракаттар менен райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Келтирилген оор жаракаттардын кесепетинен Г.В. жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Аталган окуя боюнча КЖКнин 122-статьясында ( адам өлтүрүү ) көрсөтүлгөн курам менен кылмыш иши козголуп, шектүү аныкталды.

«Ал өлгөн адамдын небереси 1999-жылы туулган Г.М. болуп такталып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Кылмыш ичкиликтин айынан , чоң апасы небересин «ичкилик ичесин» деп урушканынан болгондугу аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда»,- деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

596