Жалал-Абадда жаандын кесепетинен үйлөрдү суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Таш-Көмүр шаарында такталган маалымат боюнча катуу жааган жаандын кесепетинен Шамалды-Сай айылынын Южный көчөсүндө жана Кызыл-Алма айылында жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун суу каптаган.
«Жерине 20 куткаруучу тартылып, мотопомпанын жардамында сууну сордуруп тазалашкан. Ошондой эле Сузак районунда катуу жааган жаандын кесепетинен, кокту-колоттордон келген сел суулар Кыр-Жол айылы менен Боз-Чычкан айылын бириктирген ички чарбалык унаа жолун кум-шагылга толтуруп, жол каттам жабылган. Мындан улам жерине жерине 3 кызматкер тартылып, аткарылган иш-чаранын жыйынтыгында унаа жол толук тазаланып, эки тараптуу ачылган»,-деп берилет малыматта.