7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдүн бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы директору кармалды

444

Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, түштүк чоң Чүй каналынын боюндагы суу коргоо зоналарынын жерлерин жеке жактарга жана курулуш уюмдарына мыйзамсыз берүү фактылары жана ошондой эле шаар курулушун, уруксат берүүчү жана укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүүнүн фактылары аныкталды.

Такталгандай, Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан, мыйзамдарды бузуу менен Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы каналдардын жээгиндеги жер тилкелерин жеке адамдардын пайдасына мыйзамсыз беришип, республиканын суу фондусунун бул максаттарга каралбаган жерлеринде көп батирлүү турак үйлөрдү жана башка курулуштарды курууга алып келгендиги аныкталды.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам издөө иштеринин натыйжасында, Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы директору Д.Р.Ж. кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

445