7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Араван райондук автобекети» мамлекеттин балансына кайтарылды

477

Араван айылынын Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 0,33 га болгон борбордук «Араван автовокзалы» мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тактап  айтканда, 2000-жылдары автобекеттин аймагы 29 жеке ишкерге мыйзамсыз берилгени аныкталган, алар КР «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамын бузуу менен жер-жерлерде соода жайларын уюштуруп, стратегиялык объектини толук реконструкциялашкан.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен объектини Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп беришти.

478