Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасы менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” мыйзамдын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык токтом кылынат:
- Аддис-Абеба шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы Элчилиги уюштурулсун.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
– Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы Элчилигинин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин;
– Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин штаттык санын 4 бирдикке көбөйтүү маселесин чечсин;
– өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.