7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аргентинанын президенти Спутник V вакцинасы менен эмдөөдөн өткөн соң коронавирусту жуктуруп алды

1582

Аргентинанын президенти Альберто Фернандес коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу өзү 3-апрелге карган түнү Твиттердеги баракчасына жазган билдирүүсүнө таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Бүгүн дене табым 37,3тү көрсөтүп, башым ооруганынан коронавируска тест тапшырып оң жыйынтык алдым», — деп жазган ал баракчасына. Ошондой эле өзүн жакшы сезип жатканын, дарыгерлердин көрсөтмөсүн аткарып, обочолонууда экендигин кошумчалаган.

Эскерте кетсек, январь айында 62 жашка чыккан Альберто Фернандес орусиялык Спутник V вакцинасы менен эмдөөдөн өткөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1583