Аргентинанын президенти Альберто Фернандес коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу өзү 3-апрелге карган түнү Твиттердеги баракчасына жазган билдирүүсүнө таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
«Бүгүн дене табым 37,3тү көрсөтүп, башым ооруганынан коронавируска тест тапшырып оң жыйынтык алдым», — деп жазган ал баракчасына. Ошондой эле өзүн жакшы сезип жатканын, дарыгерлердин көрсөтмөсүн аткарып, обочолонууда экендигин кошумчалаган.
Эскерте кетсек, январь айында 62 жашка чыккан Альберто Фернандес орусиялык Спутник V вакцинасы менен эмдөөдөн өткөн.