Өлкөдө 29-марттан 3-апрелге чейин аткарылган негизги иштер менен таанышып алыңыз:
- Кыргыз Республикасынын спорт жана дене тарбия күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин атынан куттуктоолордун долбоору даярдалды;
- Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 6 жолку депутаты жана Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген экономисти, Кыргызстан калкы ассамлеясынын кеңешинин биринчи төрагасы Бегалиев Сопубек Бегалиевичтин 90 жылдыгына арналган «Эскерүү күнү» өткөрүлдү;
- 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуучу ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына өзгөртүү кирип, аткаруу мөөнөтү 2021-жылдын 15-апрелине чейин узартылып, негизги жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлдү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты, көрүнүктүү коомдук ишмер, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Жангороз Каниметович Каниметовдун 70 жылдык мааракесинин элесине арналган «Санариптик трансформация шарттарында билим берүү системасын модернизациясы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияга академиялык чөйрө менен бирге белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулар курамы чакырылды;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коомдук кабылдамасында жети дубандан келген «Бакай» аксакалдар коомунун мүчөлөрү кабыл алынды;
- Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында болуп жаткан иштерге мониторинг жүргүзүлүп, тиешелүү маалыматтар берилди;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 203 Жарлыгын аткаруу максатында 2014-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы боюнча жыйынтыктоочу маалымат берилди;
- Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Коллегиясынын көчмө жыйыны өткөрүлдү. Ош мамлекеттик университетинин базасында өткөн жыйынга аймактык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, жалпы билим берүүчү уюмдардын, кесиптик окуу жайлардын жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышышты (Ош облусунда — 547; Жалал-Абад облусунда — 465; Баткен облусунда — 237; Ош шаарында — 55 мектеп бар. Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунда жалпы 12 жогорку окуу жай, анын ичинен: 7 — мамлекеттик окуу жай, 5 — менчик жогорку окуу жайлар. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жалпы — 21 колледж, анын ичинен: 6 — Билим берүү министрилигине карайт, 11 — жогорку окуу жайлардын алдында түзүлгөн, 4 — жеке менчик колледж);
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын кайра карап чыгуу боюнча иши улантылууда. Курамына кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери, директорлордун окуу-тарбиялоо иши боюнча орун басарлары, предметтик мугалимдер кирген кеңейтилген жумушчу топ түзүлдү;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында түзүлгөн «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Концепцияны иштеп чыгуучу жумушчу топ ишин улантууда;
- Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун жана КР Президентинин Аппаратынын дарегине келген каттарга жооп берүү жана кайрылуу ээлерин кабыл алуу иштери уюштурулду.